Каракол шаарынын саркындылары

Каракол шаарынын саркынды суу топточу жайы

Каракол шаардык суу чарба муниципалдык ишканасынын алдындагы, саркынды сууларды тазалоочу жай 1980жылы ишке берилген. Совет доорунда, бул жайда саркынды сууларды тазалоо иш аракеттер талапка ылайык жүргүзүлүп турган. 1990-жылдан бери, калыбына келтирүү иш аракеттери керектүү денгэлде жүргүзүлбөй келгендигинен, суу тазалоочу атайын көлмөлөрдүн жабдууларынын жарактан чыкканынан кабар берет.

Шаардык кенештин мурдагы чакырылышынын депутаты, жергиликтуу активист Марат Раматов, саркынды сууларды тазалоочу жайдын проблемасын, жергиликтуу кенештин жыйынында биринчилерден болуп которгон. Ал озунун демилгеси менен атайын комисси тузуп, иликтоолорду дагы жургузгон. 20-жылдан ашык убакыттан бери кайра калыбына келтирууну талап кылган бул жайга, мурдагы депутаттын айтымында, ондоп тузоо жана саркынды сууларды тазалоого керектуу каражаттарды сатып алууга акча керектуу денгэлде болунуп турган.

Азыркы саркынды суулар топтолучу басейндердин абалы

Биздин чыгармачылык топ бул жайда бир саатка чукул убакыттай жургондо, бул жактан бир дагы кызматкерлерди учураткан жокбуз. Негизи талапка ылайык, мындай жерлер катуу козмолго алынып, атайын адистер тарабынан кайтарылуу керек эле. Бирок, тилекке каршы андай адистерди коро алган жокбуз.

Каракол шаардык саркынды сууларды тазалоочу жайдын жанында геологиялык база аттуу чакан айыл бар экен. Ал жактагы жергиликтуу тургундардын айтымында, бул жайдын суусу тазаланбастан аймакка жакын жайгашкан дарыяга жана андан ары ЫссыкКолго куйулууда.

Каракол шаардык суу чарба ишканасынын жетекчиси, буга чейин айтылган билдируулорго томондогудой жооп кайтарды.

Каракол шаардык суу чарба муниципалдык ишканасынын жетекчиси.

Каракол шаардык муниципалдык ишканасына караштуу саркынды сууларды сактоочу жайдан сырткары, Борубаш айылынын башындагы сутту кайра иштетуу ондуруш ишканасынын саркынды сууларды тазалоочу жайы дагы жарактан чыгып, керектуу денгэлде иштебей келет.

Ак-Булак сут заводунун саркынды суулары аккан арык
Каракол шаары менен Бору-Баш айылынын ортосу

Бул жайга жакын жайгашкан Борубаш айылынын тургундары, сут заводдон чыккан саркынды суулардын жыты кучогондон кучоп бара жаткандыгын билдируудо. Алардын айтымында, суулар бул суу сактоочу жайга атайын тазалоолордон откон сон келуу керек эле.

Бул Каракол шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жай менен шаардан сырткары жайгашкан сут заводунун саркынды сууларын тазалоочу жайларынын зыяндуулугу тууралу маселе болду. Бул макала менен кимдир бироонун ишмердуулугуно же, болбосо кандайдыр бир каралоо ниет менен даярдалган жок. Болгону ушул эки жайдын жергиликтуу тургундарга тийгизген таасири тууралу гана кеп кылдык.

Show your support

Clapping shows how much you appreciated Азалия Асанбаева’s story.